Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланкада социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2019 | 611 | 0

Шри-Ланка бийлиги коопсуздукту сактоо максатында бир топ социалдык тармактарын колдонууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу News1st телеканалы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, YouTube видеохостингине, Facebook социалдык тармагына жана Whatsapp, Viber сыяктуу мессенжерлерди колдонууга чектөө киргизилген.

Интернетке тыюу салууга жакында эле Негомбо шаарында катталган окуя себепкер болгон. Анда жума соңунда, социалдык тармактарда мусулмандар менен христиандар ортосунда диний кайым айтышуулар орун алган. Андан улам Негомбо көчөлөрүндө милиция күзөтү уюштурулган.

Буга чейин, 21-апрелде, Шри-Ланкадагы жардыруулардын айынан социалдык тармактарга убактылуу тыюу киргизилген болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM