Givealittle фонду Жаңы Зеландияда мечитке болгон кол салуудан жабыр тарткандардын үй-бүлөсүнө жардам берүү максатында банктык эсеп ачты. Бул тууралуу маалымат аталган фонддун баракчасында жарыяланды.
Ушул чакта банктык эсепке 243 миң доллар топтолгон.
“Ондогон үй-бүлөнүн мүчөлөрү көз жумуп көптөгөн адамдар жабыр тартышты. Алар биздин жардамыбызга жана колдообузга муктаж. Топтолгон бардык жардам Крайстчерче шаарында жабыр тарткандарга жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого жумшалат”,- деп жазылган сайтта.
Ушул чакта 5 миң адам жардам көрсөткөн.
Эске салсак, 15-мартта Жаңы Зеландиянын эки мечитинде кол салуу болуп 49 адам каза болуп, 48 адам жаракат алган.