Connect with us

Баткенде эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылууда

Кыска кабар | 16 Мар 2019 | 735 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында абал турукташып калды. Учурда эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бүгүн эртең менен Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы полковник Уларбек Шаршеев Аксай айылынын эли менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Чек ара Кызматынын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.

Кечээ күнү өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган тергөө топтору иликтеши керектиги, ошондой эле элди тынчтандыруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча чечимге келишкени айтылган.

Бүгүн ошондой эле, чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы башталып, жабык турган унаа-байланыш жолдорду ачуу боюнча макулдашуулар жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM