Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Тажикстандын УКМКсы туура эмес билдирүү тараткан

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 521 | 0

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстандын Коопсуздук комитети тараткан билдирүүдөгү маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирет.

Анда айтылгандай, Тажикстандын атайын кызматы 13-мартта Кыргызстандын чек арачылары биринчи болуп Ворух (тажик айылы) айылынын тургундарына карата ок атты деген маалымат чындыкка дал келбейт.

“Ок чыгаруу эки тараптан бирдей болгон. Ок жай тургундарга карата эмес, асманга атылган. Эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда: чек арачыга кол салуу болгондо, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттер болгондо гана автоматтан ок атуу керек, деп жазылбаган келишим бар”, — деп айтылат Чек ара кызматынын кабарында.

Эске сала кетсек, кечээ 14-мартта саат 16:10до Ворух анклавы менен Ак-Сай айылынын жашоочуларынын ортосунда куралдан ок атышуу болгон. Кыргыз тараптан бир милиция кызматкери бутуна ок жеп, бир жергиликтүү тургундун колуна ок тийген.

Ал эми 13-мартта Орто-Боз айылындагы чек арада болгон чатакта 1988-жылы туулган Ак-Татыр айылынын тургунуна ок тийип, жаракат алган.

Ошол эле маалда тажик басылмалары Орто-Боздогу жаңжалда 1 тажикстандык каза таап, 20дай тургун жаракат алганын жазышкан.

Эске салсак, 13-мартта саат 15:30да Кожогар аймагында Кыргызстандын Аксай айылынын Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Ага Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтүүчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу себеп болгон. Ворух айылынын жергиликтүү тургундары жерди сүрүп жол курулушунда иштеп жаткан грейдерди, анда иштеп жаткан мекендешибизди таш менен урушкан.

Эки өлкөнүн 200гө жакын тургуну чек арадан жолугуп, өз ара пикир келишпестиктен улам бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жерине кыргыз-тажик чек арачылары барып, абалды жөнгө салышкан. Бирок 18:30да Кыргызстандын жарандары Ак-Сай айылындагы, тажик жарандары Төрт-Көчөдөгү жолду жаап алышкан.

Андан соң тажик тарап Ош-Исафана жолунун Орто-Боз айылынан өткөн жеринен тосуп салышкан.

Copyright © 2017 Maral FM