Биз менен байланышыңыз

Байланыш комитети сатып алууларга 4,6 млн сом короткон

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 539 | 0

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2017-жылы мамлекетик сатып алууларда баалардын мониторингин жүргүзбөстөн өткөрүп, жалпы суммасы 4,6 млн сом короткон. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аудит учурунда ошондой эле аталган комитеттин астындагы «Атайын байланыш кызматы» таза кирешенин 50 пайызын  бюджетке которбогон фактыны аныкташкан.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчилигине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана мыйзам бузган кызматкерлердин жоопкерчиликтерин карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Аудит боюнча топтолгон материалдар Президенттик аппаратка, Жогорку Кеңешке, Өкмөттүк аппаратка жана Коопсуздук кеңешине жиберилди.

Copyright © 2017 Maral FM