Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар» долбоорундагы сервистик мүчүлүштүктөр оңдолду

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 832 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун ишиндеги техникалык оңдоп-түзөө иштери аяктады. Айыптарды текшерүү боюнча сервистеги мүчүлүштүктөр да оңдолду. Бардык сервистер бүгүн, 13- марттан баштап кадимкидей иштей баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле азыркы учурда жарандардын эрежелерди-бузуп бузбагандыгы боюнча айыбы бар же жок экендигин текшерүү сервиси штаттык режимде иштеп жатат.

6-7-марттагы оңдоп-түзөө иштери камералардын жол коопсуздук эрежелериндеги бузууларды жаздырып алуу боюнча функциясына таасирин тийгизген эмес, жана айппулдарды 50 пайыздык арзандатуу менен төлөөгө эч андай таасир этпейт. Айыппулдарды төлөөдө 7-марттан 13-мартка чейинки 6 күн эске алынат.

Азыркы учурда жол эрежелерин бузган айдоочуларды жаздыруу иши кадимкидей эле улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM