Биз менен байланышыңыз

Казаковдон каймак сөз

Кулак кужурун кандыра сөз сүйлөп, көп сүйлөбөй төп сүйлөп төрүбүзгө Түкө келип, бир саатты бир мүнөттөй өткөрүп ийип, тамшандырган бойдон кетип калды. Түкө дегеним Түгөлбөй агай. Бешиктен бели чыга элек жатып эмне деп атат деп жүрбөгүлө. Чыгармачылыкта бул салтка айланып калгандай көнүмүш адат. Маселен, Осмонкулду — Осоке, Ашыраалыны — Ашыке, Тууганбайды – Тука деп эле келатабыз. Андыктан бул сөзгө куйкаңарды куруштурбай деле койсоңор болот.

Эми, маек жөнүндө айтайын. А дегенде эле “кыргыз деген ким өзү” – деп, өзүмдүн ким экенимди билбеген маңкурттай болуп собол таштадым. Анын да себеби бар да. Анткени азыр төө терисин кийбей эле төбөсүнөн урган маңкурттар көбөйүп баратпайбы. Аны дароо түшүнгөн агайым “Мен эми ар нерсени айта бербей ырымды эле окуп берейин” – деп “Кыргыздар” деген ырын окуп берди. Андан соң, обончулук өнөрүнөн мурун пайда болгон журналисттик же жазмакерлик өңүтүнө кайрылдык. 5-6-класста окуп жүргөндө эле “Тамдын түбүнө ушатпагыла” деген макала жазып, анысы орусча басылып чыкканын айтып оозду ачырды. Кийинки макаласы москванын бир гезитине дагы орус тилинде жарыяланганын кошумчалап ого бетер айран таң кылды.

Жалпы элдин эсинде али күнчө эскирбей жашап жүргөн “Алтын балалык” ыры дагы алгач чет өлкөдө орусча ырдалгандыгын айтканы укумуш эле окуя болду. 1980-жылы 2саат 40мүнөттөн турган концертти үч күн өзү жалгыз бергени таң калаарлык экен. Аягында мамлекеттин берген гонорары 4 сом 50 тыйын болгонун айтып күлүп да отурду.

Обон, ыр, поэзия, котормо, проза, журналистика деген ар бири ар башка тармакта тамыры жайылган таланттарын талдап отурууга ого эле көп убакыт кетчүдөй. Олуп-чолуп отуруп котормочулугуна да учкай баш бага кеттик. Мукагали Макетаев, Улукбек Есдаулетов, Борис Пастернак сыяктуу чылгый таланттарга кайрылганы, аларды кыргызча сүйлөтүп бергени эң мыкты чеберчиликте экендиги талашсыз. Агайдын котормолорун бир көз жүгүртүп алсаң, көзүң кашайып калганча баш көтөрбөй окууга туура келет.

Сөз арасында кырчаңгыланып, “тойдо ырдап көрдүңүз беле” деп аңкоо собол да таштай кеткенге үлгүрүп калдым. Бул тууралу ташка тамга баскандай түшүндүрмө берип, ырчынын орду сахнада гана болушу керектигин баса белгилеп кетти. Бирок, илгери бир досун кыйбай өмурүндө бир жолу тойдо ырдаганын да жашырган жок. Муну укканда Түкөнүн дүйнөсүн түшүнбөгөн ушундай да “дос” болот экен ээ тобо-о деп да калат экенсиң…

Учурда сөзсүз эле эки кишинин башы бириккенде саясат жөнүндө сүйлөп кетпесек уктабай калчудай болуп калбадыкпы. Ал сыңарындай Маданият министри кызматынан эмнеге кетип калганын да сурап ийбедимби. Агынан жарылган агайым “Ушуну айтпай эле койоюн дедим эле…” – деп баштап, саясатта кандай оюндар болуп, эмне кызганычтар коштогонун ачык айткандай болду. Ушинтип ар нерсенин башын сурап, аягын кыскартып атып 55 мүнөтүбүз соодагер сакал сыйпагандай бүтүп калды. Калган сөздүн аныгын видео көрсөтмөбүздөн көрүп койсоңор кайдыгер калбайсыңар деп ойлойм.

Copyright © 2017 Maral FM