Биз менен байланышыңыз

Назарбаев: Казакстандыктар башкалардай болуп чет өлкөгө тентиген жок

Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 646 | 0

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев “Айка” фильминин башкы каарманы, актриса Самал Еслямованы чет өлкөдө жүргөн мигранттын тагдырын, чыныгы жашоосун мыкты актёрдук чеберчилик менен чагылдырганы үчүн мактады. Бул тууралуу казакстандык Zakon.kz басылмасы жазып чыкты. Ага ылайык, казак лидери 7-март күнү аялдар коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушкан.

Назарбаевдин пикиринде, Самал Еслямова актёрдук чеберчилиги менен Казакстандын маданиятын көрсөткөн.

-Жараткан мыкты ролу үчүн байге алган Самал Еслямова тасмада Казакстанды жакшы пропагандалаган. Эң башкысы чет жактагы мигранттардын абалын чагылдырган. Кудайга шүгүр, эгемендүүлүктү алгандан бери, 27 жыл ичинде казакстандыктар башкалардай болуп чет өлкөгө тентиген эмес. Бул адамдардын көргөн кыйынчылыктары, жогорку деңгээлдеги талант жана искуство менен чагылдырылган. Жаңы чыгармаларды күтөбүз — деди ал.

Сөз Орусиялык режиссёр Сергей Дворцевой тарткан «Айка» тасмасы тууралуу болуп жатат. Тасмада Москва шаарында мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргыз кызынын окуясы чагылдырылган. Анда Айка күтүүсүз жерден кош бойлуу болуп, баласын жарыкка алып келет. Жардам берип, каралаша турган адамы болбогондуктан, жаңы төрөлгөн ымыркайын төрөт үйүнө таштап кетет. Бирок энелик сезими ага жай бербей таштап кеткен баласын издейт. Аталган фильм 7 жыл тартылып, 2018-жылы жарыкка чыккан. Еслямова аткарган ролу үчүн 2018-жылкы Канн фестивалында мыкты актрисага ыйгырылуучу сыйлыкка ээ болгон.

Copyright © 2017 Maral FM