Биз менен байланышыңыз

Элизавет II биринчи жолу Инстаграмга сүрөт жүктөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 897 | 0

Улуу Британия королдугунун ханышасы Элизавет II алгачкы ирет Инстаграмдагы королдуктун расмий баракчасына өз колу менен сүрөт жүктөдү. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ханыша айым Королдук илимдер музейин зыярат кылып, анда сакталган чоң атасы Алберт ханзаадага жазылган катты өз айпадынан жарыялаган.

Элизавет II: «Бул сүрөттөгү катта алгачкы эсептөөчү машина-компьютерди ойлоп тапкан Чарльз Бэббиж чоң атам Алберт ханзаадага өзүнүн жаңы эмгегин тааныштырган. Бүгүн мен Илимдер музейинин программалоо боюнча иштерине күбө болуу сыймыгына ээ болуп, бул тарыхый катты бөлүшүүдөмүн»,-деп жазган.

Эске салсак,  Элизавет II Британиянын тарыхында эң узак ханышалык доорун сүргөн айым болуп саналат. Өзгөчө ал өлкөнүн илимий-технологиялык өнүгүүлөрүнө алгачкылардан болуп күбө болду. Тактап айтканда, ал электрондук кат жиберген, интернет байланышын колдонгон жана социалдык желеден кайрылуу жасаган алгачкы ханыша болуп  саналат.

Copyright © 2017 Maral FM