Биз менен байланышыңыз

«Түндүккө» кошулган маморгандардын саны өстү

Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 535 | 0

«Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумуна учурда 56 ведомство жана 8 коммерциялык уюм менен келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн 6-мартта өткөн кеңешмесинде маалымдашты.

«Түндүк» тутумунун коопсуздук тутуму орнотулган 39 министрликте, ведомство жана алардын ведомстволук түзүмдөрүн кошуу боюнча техникалык иш-чаралар аткарылды. Ошондой эле 12 мамлекеттик органдын ортосунда маалымат алмашуу камсыздалды.

Мындан тышкары бүгүнкү күнү 18 мамлекеттик органда 56 маалымат базасы иштелип чыккан.

Кошумчалай кетсек, жер-жерлерде маалым каттарды берүүдө коррупциялык көрүнүштөр бар, мындан тышкары, алыскы аймактардын жашоочулары тигил же бул маалым катты алуу үчүн алыс жол тартууга жана узак кезектерге турууга мажбур болушууда.

Эми мамлекеттик органдардын «Түндүк» тутумуна кошулуусу жана маалыматтык технологиялардын киргизилиши менен бул маселе автоматтык түрдө чечилмекчи. Бирок бул үчүн мамлекеттик органдар ар бири өз багытында санариптештирүү боюнча иштерге киришүүгө тийиш.

 

Copyright © 2017 Maral FM