Биз менен байланышыңыз

Каталары көп каттын парламенттен жазылганы чын болуп чыкты

Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 1402 | 0

Жогорку Кеңештин Аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен кат боюнча билдирүү таратты. Ага ылайык, аталган документ парламент тарабынан жөнөтүлгөнү, бирок төрага өзү жазбагандыгы маалым болду.

Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонулат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков жана Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү бул окуяны өкүнүч менен кабыл алганы билдирүүдө айтылат.

“Катты тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, Төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган”, —деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин интернетке премьер-министрге жазылган, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго таандык делинген кат жарыяланган. Документ мамлекеттик тилде жазылып, чыгыштама номери менен мөөр коюлган. Анда «премьер-министр» деген сөз «пример-министр», Абылгазиевге дегендин ордуна «Абылгазиеву» болуп жазылып калган.

Copyright © 2017 Maral FM