Биз менен байланышыңыз

Парламент депутаттары шайлоо учурунда толук кандуу иштешет

Кыска кабар | 20 Окт 2021 | 615 | 0

Жогорку Кеӊештин депутаттары 28-октябрдан 28-ноябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып баруу боюнча токтом долбоорун колдогон жок.

Айрым депутаттар бир ай убакыт өтө көп экенин айтышып, бир жума шайлоочулар менен иштеп, калган убакта Жогорку Кеңеште ишин улантуусун сунушташты.

Айрымдары шайлоого аттанган депутаттар көп болгондуктан, алар Жогорку Кеңештин трибунасын пайдаланып калышы мүмкүн экенин эскертишти.

Жыйынтыгында 49 депутат каршы  болуп, тиешелүү токтом кабыл алынган жок.

Copyright © 2017 Maral FM