Биз менен байланышыңыз

Голливуд актёрлору Жо Байденге ачык кат жазышты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 1035 | 0

Голливуд актёрлору жана дүйнөгө таанымал адамдар АКШ президенти Жо Байденге ачык кат жазышты. Аны жергиликтүү басылмалар жарыялады.

Актёрлор Леонардо Ди Каприо, Алек Болдуин, Хоакин Феникс, Орландо Блум, Жейн Фонда, Сигурни Уивер, ырчы Кэти Перри, музыкант Роджер Уоттерс сыяктуу бир катар атактуулар кол койгон ачык катта Бразилиянын президенти Жаир Болсонаро менен экологиялык келишимдерге кол коюуну экватордук Амазон токойлорунун кыйылуусу азайганга чейин жылдырып турууну өтүнүшкөн.

АКШнын да, Бразилиянын да атактуулары Байденди ушул келишимдерге байланыштуу маселелер үчүн каражат бөлбөөгө үндөп келишет. Алар бул маселени чечүү үчүн Амазонка дарыясынын жээгинде жашаган салттуу жамааттар жана жарандык коом менен диалог жүргүзүү зарылдыгын белгилешет.

Буга чейин Леонардо Ди Каприо жана «Amazon.com» сайтынын негиздөөчүсү Жефф Безос баштаган активисттер, актёрлор, ишкерлер да президент Байденге климаттын өзгөрүшүнө каршы аракет көрүүгө чакырган кайрылуу жазышкан. Алар эгер өтүнүч эске алынса, Жо Байден адамзатты «жардын кырынан тартып алган лидер, климаттын президенти» катары эскерилиши мүмкүн экенин айтышат.

Copyright © 2017 Maral FM