Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүк аппарат тексттеринде кеткен катага байланыштуу үн катты

Кыска кабар | 1 мая 2020 | 861 | 0

Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тексттеринде ката кеткендиги тууралуу социалдык тармактарда чыккан маалыматтарга тийиштүү Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирүү жасады.

Тексттердеги грамматикалык жана стилистикалык каталар – бул телефондук жабдуудагы же компьютердеги автоматтык котормонун кемчилдиги болуп саналат. Мындай катачылыктар электрондук жабдууларында башка тилге которуу функциясы күйгүзүлгөн колдонуучуларда кездешүүсү мүмкүн.

Мындай «каталарга» жол бербөө максатында электрондук жабдууларда башка тилге которуу функциясын (Google Translate) өчүрүп коюу сунушталат.

Муну менен бирге социалдык тармактардын айрым колдонуучуларынын Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда коңшу өлкөлөрдүн ченемдик укуктук актыларын колдонору тууралуу айтканы чындыкка дал келбейт.

Кыргызстандын министрликтеринде жана ведомстволорунда юриспруденция жаатында жогорку квалификациялуу адистер иштешет, ал эми Өкмөттүн Аппаратына киргизилген бардык ченемдик укуктук актылар бир катар, анын ичинде укуктук жана лингвистикалык экспертизадан өткөрүлөт.

Ошентип, социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары ырастагандай, ушул сыяктуу, айрыкча одоно каталары менен ченемдик укуктук актылардын чыгарылышы мүмкүн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM