Биз менен байланышыңыз

“Коопсуз шаар”: кандай өзгөрүүлөр бар?

Коом , Саясат | 1 Мар 2019 | 733 | 0

“Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи фазасынын алкагында Бишкектин он кесилишинде, Чүй облусунун аймагында он стационардык жана 20 көчмө камералар иштеп баштаган. 12-февралдан тарта бүгүнкү күнгө жалпысынан 18 600 эреже бузуу катталган. Бул тууралуу жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов маалымат жыйында билдирди.

Коопсуз шаар долбоорунун алкагында, 12-февралдан баштап мониторинг борбору толук кандуу аппараттык, программалык комплексте маалыматтарды алып баштады. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 18 600 айып бузуу катталды. Аппараттык, программалык комплекс Бишкек шаарынын 10 кесилишиндеги, Чүй облусунун аймагындагы стационардык 10 жана 20 көчмө аппараттардан маалыматтарды алууда.

Бирок мыйзамга киргизилген өзгөртүү-толуктоолорго байланыштуу 12-февралдан 4-мартка чейин катталган айып бузууларга эч кандай чара көрүлбөйт. Тагыраагы, жол эрежесин бузгандар айып пулга жыгылбай каларын Саркулов кошумчалады.

-Мыйзам боюнча токтомду алган күндөн баштап 15 күндүн ичинде төлөй турган болсо 50 пайыздык айып пул төлөйт деп белгиленген. Экинчиден, жоопкерчилик юридикалык жак менен жеке жактардын айырмачылыгы чоң болсо, жаңы мыйзам боюнча алар теңделди. Ошого байланыштуу токтомго жараша профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатат. Айып кагаздар 4-марттан баштап мыйзам долбоору ишке киргенден кийин жөнөтүлүп баштайт.

Ал эми Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи фазасы ишке киргенден кийин катталган кемчиликтерге токтолуп, аларды жоюу максатында тиешелүү органдар менен биргеликте иш алып барып жаткандыгын кошумчалады.

-“Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден кийин кемчиликтер көп болду. Жолдордун тыгындыгы, чиймелердин толук кандуу көрүнбөшү, жолдордун тардыгы жана унаа токтотуучу жайлардын аздыгы. Бул маселелерди чечүү максатында Бишкек мэриясы, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана тийиштүү министрликтер менен тыгыз иш жүргүзүүдөбүз. Экинчи, үчүнчү фазаларды ишке киргизээрден мурун, айтылган көйгөйлөрдүн алдын алып жатабыз.

Буга чейин иштеп жаткан 5 кодекс жана 2 мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Жогорку Кеңеш чечим кабыл алган. Анын алкагында Өкмөт кандай жумуштарды аткарганы боюнча Курсан Асанов буларга токтолду:

Бузуулар кодекси боюнча 15 беренеге өзгөртүү, 11 беренге толуктоо киргиздик. Негизгилер айып пулдардын көптүгү жана түкүрүк боюнча мыйзам каралды. 71-беренеден 51-беренеге өткөрүлүп “коомго жат көрүнүш” деп өзгөртүлдү. Бул мыйзамга жалпы эле “түкүрүк”, “какырык” жана семичке чагуу кирет. Айып пулдун баасы 5 500 сомдон 1000 сомго өзгөрдү.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта 5 кодекс 2 мыйзам күчүнө кирген. Бирок жаңы эрежелер коомчулук тарабынан талкууга алынып, Өкмөтүн дарегине сындар айтылды. Мындан улам Өкмөт жаңы кодкстер менен мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизип жатат

Copyright © 2017 Maral FM