Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк аялдардын укугу боюнча изилдөөсүн жарыялады

Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 504 | 0

Дүйнөлүк банк 187 өлкөдөгү аялдардын укугу боюнча абалды изилдеп «Аялдар, ишкердик жана мыйзам» деген изилдөөсүн жарыялады.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинени 100 баллдык эсептөө боюнча Тажикстан — 81,8,  Казакстан -75,6,  Кыргызстан- 76,8, Өзбекстан — 70, 6 балл алышкан. Түркменстан рейтингге кирген эмес.

Изилдөөнү даярдоодо эксперттер акыркы он жылдагы өлкөдөгү укуктук негиздерди баалашкан.  Баа берүүдө кыймыл-аракет эркиндиги, иш менен камсыз кылуу, эмгекке орношуу, үй-бүлө куруу жана балалуу болуу, жеке бизнесин алып баруу, мүлктүк башкаруу жана пенсия менен камсыз болуу көрсөткүчтөрүнө басым жасашкан.

Белгия, Дания, Испания, Италия, Люксембург жана Швеция 100 баллдык эсеп боюнча максималдуу сандарды алып, рейтингдин лидерлери болушкан.

Эң төмөнкү баллдарды Сирия -34,3, Катар-32,5, Иран-31,2, Бириккен Араб эмираттары -29,3 жана Сауд Арабиясы-25,6 балл алышкан.

Изилдөөнүн жыйынтыгы өлкөдөгү гендердик деңгээл менен экономикалык өнүгүүнүн ортосунда байланыш бар экени көрсөткөн. Ошентип 90 упай же андан көп балл алган 39 өлкөнүн 26сы  жогорку кирешелүү мамлекеттердин катарына кирет.

Copyright © 2017 Maral FM