Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк коронавируска каршы күрөшкө 12 млрд доллар бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 488 | 0

Дүйнөлүк банк коронавируска каршы күрөш үчүн 12 млрд доллар бөлөрүн жарыяларды.

Ага ылайык, каражаттын 8 млрд доллары тез арада бөлүнөт.

Дүйнөлүк банк өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө, анын ичинен эпидемиядан элди коргоо үчүн медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыздоого, коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы иш-чараларды жандантууга жана экономикага таасирин азайтуу максатында жеке сектордун кызматташуусуна көмөк көрсөтөт.

Жардам Дүйнөлүк банктын мекемелери — Эл аралык өнүгүү ассоциациясы, Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Эл аралык финансылык корпорациясы тарабынан берилет.

Copyright © 2017 Maral FM