Биз менен байланышыңыз

1200 мектеп 25 миң заманбап компьютердик техника менен жабдылат

Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 821 | 0

Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту.

Биринчи вице-премьер-министр Дүйнөлүк банкка экономикалык кризистин кесепеттери менен күрөшүү жана коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыразычылык билдирди.

Жакын арада биргелешкен долбоорлордун алкагында 1200 мектеп 25 миң заманбап компьютердик техника комплекти менен жабдылат. Республикалык ооруканада компьютердик томографтарды орнотуу боюнча иштер ыкчамдатылып, ишке киргизилип жаткан «Мектеп медицинасы» долбоорунун алкагында мектептердеги медициналык кабинеттерди жабдуу тууралуу маселе иштелип чыгышы, ошондой эле айыл чарбаны, кичи жана орто бизнести колдоого алуу боюнча долбоорлор талкууланды.

Артём Новиков белгилегендей, Өкмөт тараптан долбоорлорду ишке ашырууда кечиктирүүлөр болбойт. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган, аны ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын катышуу ыктымалдыгы каралган сунуштар жана долбоорлор даярдалмакчы.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Дүйнөлүк банк саламаттык сактоо жана социалдык коргоо, билим берүү, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, экология жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM