Биз менен байланышыңыз

Экономист Новиковдун Баткендеги «эрдиги» бааланды

Саясат | 7 Сен 2021 | 2059 | 0

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковго улук лейтенант аскердик наамы берилди. Погон тапшыруу учурунда коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Артем Новиковго улук лейтенант аскердик наамы апрель айынын аягындагы Баткен окуялары учурунда жасаган иштери үчүн мөөнөтүнөн мурда ыйгарылганын айтты. Ушуга удаа эле министр Таалайбек Өмүралиевди кызматтан алуу жөнүндө президенттин жарлыгы жарыяланды. Артем Новиковго наамдын берилиши жана коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин кызматынан бошотулушу коомдо ар түрдүү пикирлерди жаратууда. Айрымдары «эрке балага» бардык нерсе жарашат десе, кээ бирлери Баткен окуясына катышкан башка аскер кызматкерлерине да наам берүүнү талап кылышууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

6-сентябрда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков улук лейтенант наамын алганын, аскердик погонду коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин тапшырып жаткан видеосун «Фейсбук» баракчасына «Мекениме кызмат кылам» деген темада жарыялады. Таалайбек Өмүралиев өз сөзүндө Новиковго улук лейтенант наамы апрель айынын аягында Баткенде болгон чек ара чыры учурунда мамлекеттик органдар менен күч түзүмдөрүн координациялоо иши, Коргоо министрлигинин бөлүмдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн «мөөнөтүнөн мурда» берилип жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында жаралган кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, аны жетектөө иши ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковго жүктөлгөн. Коопсуздук боюнча айрым серепчилер кыргыз-тажик чек арасы Артем Новиков чече турган маселе эмес экенин белгилешип, бийликти сынга алышкан.

Жогорку Кеңештин Эл аралык комитетинин жыйынында депутат Акыл Кемелов Коргоо министринин биринчи орун басары Нурлан Кирешеевге Новиковдун Баткенде кандай өзгөчөлөнгөн иш алып барганын айтып берүүсүн жана аскердик наамдын кандай себептер менен «мөөнөтүнөн мурда» берилип жатканын түшүндүрүп берүүнү суранды.

Коргоо министринин биринчи орун басары Новиковдун запастагы офицер экенин, наам мөөнөтүнөн мурда эмес, мөөнөтү келип калгандыктан берилгенин маалымдады.

«Эми ал запастагы офицер — лейтенант болчу. Анын улук лейтенант наамын алуу мөөнөтү келип калыптыр. Ошондон улам берилди. «Мөөнөтүнөн мурда» берилген жок». 

«Жарандардын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамга ылайык, запастагы офицерди даярдоо программасы окуу жайларда жогорку билим алган жана медициналык багытта окуган жарандарга жүргүзүлөт. Аскердик даярдоонун толук курсунан жана аскердик жыйындардан өткөн жарандарга жана медициналык багытта окуган бүтүрүүчүлөргө запастагы кенже лейтенант офицердик чини ыйгарылат, ал эми окуу жайга өткөнгө чейин мөөнөттүү аскердик кызмат өтөп, студент кезинде кошумча аскердик окуудан өткөндөргө лейтенант наамы берилет.

Запастагы офицерлердин аскердик наам алуу мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет:

аскердик наамдар: иштеген жылдарынын мөөнөттөрү:
кенже лейтенант 3 жыл
Лейтенант 4 жыл
улук лейтенант 5 жыл
Капитан 6 жыл
Майор 7 жыл
Подполковник 8 жыл

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдун айтымында, «улук лейтенант» деген наам берүү министрдин жеке буйругу менен чыккан. Ошол эле учурда Новиковго наам берилиши менен министрдин кызматтан алынышынын эч кандай байланышы жок.

— Артем Новиков Кыргызстандын жараны жана окуу жайды бүткөндүктөн ага өз мөөнөтү менен наам берилип турушу керек. Ал эми улук лейтенант деген наамды кезексиз берүү Коргоо министринин жеке буйругу менен чыккан. Мындай көрүнүштөр болуп келген жана боло берет. Экинчиден, Артем Новиковго наам берилиши менен министрдин жумуштан алынышынын эч кандай байланышы жок болушу керек. Себеби, буга чейин эле коргоо министрине иш козголгону жана башка иштери боюнча чакан макалалар чыгып келген. Үчүнчүдөн, президент азыркы күндө кимди жумушка алуу, кимди кетирүү боюнча өзүнүн укугу бар. Ошондуктан бул жерде эч кандай байланышы жок деген ойдомун. Аны кызматтан алуу маселеси эгемендик майрамдан мурда чечилип калган болушу да мүмкүн. Ошол эле учурда жакынкы күндөрдө Таалайбек Өмүралиевге башка жумуш берилиши ыктымал.

Артем Новиков 2017-жылы 30 жашында Экономика министри болуп дайындалган. Ал бул кызматта бир жылга жетпеген убакыт иштеген. Андан кийинки иш тажрыйбасы да мамлекеттик жогорку кызматтарда уланып келүүдө.

Эгемен Кыргызстандын Өкмөтүн беш орус улутундагы адам жетектеген: Андрей Иордан (1991-жылдын аягы 1992-жылдын башында 2 ай), Борис Силаев (эки жолу: 1998-жылы жана 1999-жылы) жана Артем Новиков (2020-жылдын аягы 2021-жылдын башы) премьер-министрдин милдетин аткарса, Николай Танаев (2002-2005-жылдары) жана Игорь Чудинов (2007- 2009-жылдары) Өкмөттү толук кандуу башкарган.

Кыргызстан эгемен өлкө болгону менен кандайдыр бир деңгээлде Орусиянын таасири астында иш жүргүзөрүн эксперттер жашырышпайт. Өлкөдө орус тилдүү кадрларды өстүрүү, жетекчилик кызматка коюу өзүнчө саясат экенин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков айтат.

«Мурда Танаев, Чудинов дегендер келген. Азыр эми Жээнбеков менен Жапаровдун бийлигинин тушунда Новиков болуп жатат. Мындай болушу керек жана ага көп деле көңүл буруунун кереги жок. Сабатуу болсо, орусу болобу, дунганы болобу, кимиси болсо да иштесин. Мен жогору жакта таасир бар экенин айтып жатам. Ошондуктан «эрке бала» деп коёт, Орусия жактан бир аз орус тилдүү кадрларга көз кырын салып турушат да. Ошол жагы бар». 

Ошондой эле Мадылбеков Коргоо министрлиги мыйзам бузуу менен наам берип жаткан болсо, анда «кызмат абалынан пайдаланганы» үчүн иш козголуп, мыйзам чегинде жоопко тартылышы керектигин кошумчалады.

Артём Новиков Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Балтика мамлекеттик техникалык университетин «экономист-менеджер» адистигинде аяктаган. Анын кайсы жылдары кайсы аскердик окуу жайды окуганы, биринчи аскердик наамын качан алганы туурасында маалымат эч жерде айтылбайт. Бул боюнча Коргоо министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, алар маалымат такталып жатканын, жакын арада жарыялай турганын билдиришти.

Кошумчалай кетсек, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев 6-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматынан бошотулду. Мунун себеби жарлыкта «башка ишке өткөнүнө байланыштуу» деп көрсөтүлдү. Бирок азырынча анын кайсы жумушка которулганы айтыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM