Биз менен байланышыңыз

Чек арага байланыштуу жумушчу топту Новиков жетектейт

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 484 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-апрелде президент Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн, бул кырдаалга тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтары угулду.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Тышкы иштер министрлигинин алдына дипломатиялык каналдар аркылуу тынчтык жолу менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди улантуу милдети коюлду.

Ушул тапта чек ара чырынан жабыркагандардын саны 20га жетти.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.

Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр-чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Мындан сырткары чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM