Биз менен байланышыңыз

Ошто 900 иш орундуу тигүү фабрикасы курулуп жатат

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 490 | 0

Ошто 900 иш орундуу тигүү фабрикасы курулуп жатат. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Ал түштүк жергесине болгон иш сапарынын алкагында ондон ашык ишканалар менен таанышып чыккан.

«Ошто 900дөн ашык иш орундарын түзө турган чоң тигүү фабрикасын куруу иштери жүрүп жатат. Кошумчалай кетсек, Араван жана Кара-Суу райондорунда жалпы аянты 8 гектарды түзгөн күнөскана чарбасынын ээлери Фонддун өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, комплексти эки эсеге кеңейтүү үчүн каржылоо алышат. Ошондой эле дагы бир компания насыя алуу үчүн арыз берүүдө, анын долбоору Орусиядан келген абердин-ангус бодо малынын асыл тукумун өстүрүүгө багытталган», – деп жазган Новиков.

Ал ошондой эле фонд артыкчылыктуу багыттар боюнча кредиттик линияларды берүү үчүн ишкерлер менен иштешүүнү улантаарын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM