Биз менен байланышыңыз

Султанов: Эл каттоого 25 миңге жакын кызматкер тартылат

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 793 | 0

Өлкөнүн калкын жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктарын алуу учурунда мобилдик жана интернет байланышы менен камсыздалган 25 миңге жакын кызматкер тартылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов президент менен болгон жолугушууда билдирди.

Жалпысынан Кыргызстандын аймагында 500дөн ашуун каттоо бөлүмдөрү жана 4 миңге жакын инструктордук участкалар ачылат. Кыргызстанда калкты каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин, алыскы аймактарда 20-апрелден 29-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы калкты каттоо толугу менен электрондук форматта мобилдик тиркеменин жардамы менен өткөрүлүп, Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан «Survey Solutions» программасы колдонуларын кошумчалады.

Тестирлөө максатында калкты кагаз жана электрондук түрдө каттоо пилоттук тартипте үч жолу Токмок шаарында жана Чүй областынын Чүй районунда, Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагында жана Ош шаарында жүргүзүлгөн.

Пилоттук каттоо жүргүзүү учурунда анын электрондук форматта жүргүзүлүшүнүн башкы артыкчылыктары  — чогулуп жаткан маалыматтардын сапатынын жогорулашы, аларды иштетүү мөөнөтүнүн кыйла кыскарышы, каттоонун жүрүшүн реалдуу мезгилде көрүү мүмкүнчүлүгү аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM