Connect with us

Бин Ладен изделүүдө. Тапканга 1 миллион доллар берилет

АКШнын коопсуздук кызматы «Аль Каида» террордук уюмунун мурунку лидери Усама бин Ладендин уулу Хамза бин Ладенге издөө жарыялады. Бул тууралуу кызматтын Твиттер баракчасынан расмий кабарланып, анын ал-жайы тууралуу маалымат учүн 1 миллион доллардан ашык байге коюлду.

Америкалык күч түзүмдөрүнүн айтымында, бала кезинен атасынын жанында, «Аль Каиданын» аскердик лагерлеринде тарбияланган бин Ладен азыркы тапта террордук топтун маанилүү лидерлеринин бирине айланууда. Ал өзү 2017-жылы интернет аркылуу жасаган видеокайрылуусунда айткандай, «Америкадан атасынын өчүн алууга» даярданып жаткан болуусу мумкүн.

Анткен менен бин Ладен тууралуу маалымат өтө аз. Айрым булактарга ылайык учурда болжолдуу түрдө 30 жашка чамалап калган Хамза Пакистан, Афганистан, Иран же Сирияда болушу ыктымал.

Ал арада бин Ладендердин мекени болгон Сауд Аравиясы атасы сыяктуу эле уулун да буга чейин эле жарандыктан чыгарып койгонун жарыялады.

Эске салсак,  2001-жылы Нью-Йорк шаарындагы 3 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган эгиз мунараларды жардырууга буйрук берүүгө шектелген Усама бин Ладен 2011-жылы Пакистанда өлтүрүлгөн. Атасынын жанында салгылашып жатып өлгөнү тууралуу кабарланган уулу Хамза эмес, Халид экени маалым болгон.

Copyright © 2017 Maral FM