Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Терроризм боюнча жалган маалымат бергендер 3 жылга эркинен ажыратылат

Кыска кабар | 12 Авг 2021 | 333 | 0

Ички иштер министрлиги терроризм актысы боюнча жалган маалымат билдирүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.

ИИМ жардыруучу зат жөнүндө кабарлоо менен коомдук коопсуздукка кол салынып, ишканалардын иш тартиби бузулуп, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрү жана каражаттары башка жакка тартылып, жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтириле турганын белгилейт.

Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлагандар үчүн Жазык кодексинин 246-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Кылмыш жасоо үчүн санкцияда 220 миңден 260 миң сомго чейин айыпка (жашы жете электер үчүн 100 миңден 120 миң сомго чейин) же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Copyright © 2017 Maral FM