Биз менен байланышыңыз

Кубан Абдымен: АКШ Кыргызстандагы өзгөрүүлөр туура багытта баратканын колдоодо

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Фев 2019 | 655 | 0

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчалар 4,5 млн доллар эмес, балким 4 млрд доллар болушу мүмкүн. Мындай пикирин медиаэксперт Кубан Абдымен “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Кубан Абдымен АКШ Бакиевдер чыгарып кеткен акчаны Кыргызстанга кайтаруусу Башкы прокуротуранын аракетинин  жыйынтыгы деп эсептейт.

«АКШ бийлиги Кыргызстандын коррупцияга каршы иш алып баруусун жакшы колдоо катары карай турганын мисал кылып келтирди. Экинчиден, бул саясий кадам экенин көрүп жатабыз. АКШ Кыргызстандагы өзгөрүүлөр туура багытта бара жатканын колдоп жатат. Муну тышкы саясаттын биринчи кадамы деп айтсак болот, бирок жеңиш деп айтууга али эрте. 4,6 млн доллар Кыргызстанга кайтарылаары боюнча келишимге кол коюлду. Бул сөзсүз аткарыла турган милдет болуп калат. АКШнын мындай саясий жүрүшү биз менен чогуу иштешүүгө даяр экенине ишарат«, — дейт Кубан Абдымен.

Эске салсак, Бакиевдин учурунда уурдалган активдердин 4,6 миллион доллары Кыргызстанга кайтарылып бериле турган болгон. Бул боюнча 25-февралда Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уеллс келишимге кол койгон.

АКШ Бакиевдер чыгарып кеткен акчаны Кыргызстанга кайтарат

Copyright © 2017 Maral FM