Биз менен байланышыңыз

АКШ Бакиевдер чыгарып кеткен акчаны Кыргызстанга кайтарат

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 1218 | 0

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин тушунда өлкөдөн АКШга 6 млн доллар чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Лис Уэлс билдирди. Азыр Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрү ортосунда Бакиевдин тушундагы активдерди кайтаруу боюнча келишимге кол коюлду.

Анда айтылгандай, АКШ Бакиевдер чыгарып кеткен 4,6 млн долларды Кыргызстанга кайтарат.

«Биз бул акча каражатын кайтарабыз. Бул аракет азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күчөтүлгөн тартипте күрөш жүргүзүүсү менен байланыштуу. Өлкөгө кайтарылган акча аймактарды өнүктүрүүгө, дары-дармек алууга, таза суу менен камсыздоого жумалашары бизди кубандырды», — деди АКШнын мамлекеттик катчысынын өкүлү.

Келишимге Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынынын жардамчысынын орун басары Лис Уэллс кол койду.

Copyright © 2017 Maral FM