Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: пансионаттардын ишмердүүлүгү текшерилет

Коом | 25 Фев 2019 | 682 | 0

Ысык-Көл облусунда жалпы 176 пансионат жана курорттук эс алуу жайлары бар. Алардын ичинен 137си жеке менчик болсо, калгандары мамлекеттик жана профсоюздук мааниге ээ. Эми эс алуу жайларга баа берүү жагы каралып, мамлекеттик эс алуу жайлар казынага акча төгүүсү жана ишмердүулүгү боюнча текшерүү жүргүзүлөт.
Пансионаттардын 80% зы жайкы сезондук болсо, 20 % зы курорттук ден-соолукту чындоочу жай катары жыл бою иш алып барат. Акыркы жылдардан бери мамлекеттик мекемелер казынага аз акча төлөп жаткандыгы өкмөттө белгилүү болду. Эми начар иштеген эс алуу жайларга баа берүү жагы караларын Ѳкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Жаман иштеген пансионаттардын ишмердүүлүгүн жөн койбойбуз. Алардын жетекчилери мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан дайындалып, жумуштан алынат экен дебей баа бергенге биз дагы жардам беришибиз керек. Чындыгында туризмден ошончолук пайда алабыз дегенден кийин мындан кийин катуу көзөмөлгө алууну туура деп ойлойм.

Маселен, облуста 176 курорттук эс алуу жайы бар болсо, анын 40ка жакыны малекеттик жана профсоюздук мааниге ээ. Бүгүнкү күндө канчасы өлкөнүн казынасына акча төлөбөй чыгашага учураганы боюнча мамлекеттик мулктү башкаруу фондусуна кайрылдык. Тилекке каршы бул кызматтын басма сөз катчысы Айганыш Абдраева жетекчилери жыйында болгонун айтып, так маалымат берген жок.

Бул маалыматты тескөөчүнүн орун басары гана бере алат. Ал жыйында болгондугуна байланыштуу биз так маалымат бере албайбыз. Качан келерин да билбейм.

А бирок, мамлекеттин балансында жана министрликтер алдындагы профсоюздук пансинаттар салыкка болгон карыздарын айрымдары моюнга алышса, кээ бири төлөп жаткандарын айтышат. Катарында Чолпон-Ата шаарындагы 900 киши батыра алган «Ала- Тоо» эсалуу жайы жай мезгилде гана иштегенин эскертип, кышкы сезондун жоктугунан анча -мынча карызы бар экенин жетекчиси Нарынбек Кызайбеков белгиледи.

Карызыбыз бар, бирок ай сайын төлөп жатабыз да. Салыктан качкан жерибиз жок. Бир жолку төлөмүбүз 6-7 миллион сом.  Өткөн жылы казынага 7 миллион сом төгүш керек болсо, анын 1,5 миллион сому калган. Кышында иштебей турабыз. Март, апрель менен жайкы сезонго чейин кайрадан төлөп бүткөрөбүз.

Бул жолу чыгымга учураган пансионат жетекчилерине кызматтык ордун карабай, эми чара көрүү сунушуна кээ бир эс алуу жайлардын өкүлдөрү маакул эместигин кабарлашат. Алардын бири «Рахат» пансионатынын жетекчиси Мырзабек Исмаилов жакынкы жылдары улутташтырылган курорттук жайлардын инфра түзүмдүк шарттарынын начардыгын эске алып, тескеринен аларга инвестиция тартуу керектигин билдирди.

Мисалы Ѳзбекстандан алган пансионаттар илгери курулган. Имараттарга 15-25 жылдан бери оӊдоп түзөө, жаӊылоо иштери болгон эмес. Мисалы биздин эс алуу жайда ичиндеги эмеректери, саркынды сууларды тазаоочу жайлары, присттер, көлдүн жээгине баруучу жолдор бүт эскирген. Киреше булагын көбөйтүү үчүн Ак-Марал, Каприз сыяктуу пансионаттардын деӊгээлине жетүү керек. Ал үчүн 500-700 миӊ долларга чейин акча талап кылууда. Ѳкмөттүн дарманы жок, инвестиция тартуу туура болот.

Алдыда кандай болгон күндө да Ысык-Көлдүн ден-соолукту чыӊдоочу мекемелери кайрадан каттоого алынып, инвентаризациялык жумуштар жасалат. Пансионаттардын менеджментине жана инфраструктурасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү башталганын Ысык-Көл облустук туризм секторунун башчысы Нурбек Исланов маалыдады.

Ысык-Көлдө туристтик инфра түзүмү өнүгүшү үчүн шартарды түзү жана контролдоону камсыздоо максатында иштебей жаткан обьектилерди аныктап жатабыз. Ошондой эле облустун экологиялык, экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча мыйзамды ишке ашыруу боюнча инвентаризация жүрө баштады.

Эске салсак, эс алуу жайларда тиешелүү шарттар аткарылбай кемчиликтер байкалса, кара тизмеге алуу жагы сунушталган.

Copyright © 2017 Maral FM