Connect with us

Өзбекстан Pepsi компаниясындагы үлүшүн сатат

Без рубрики , Дүйнө | 22 Фев 2019 | 804 | 0

Өзбекстан Pepsi, Zip, 7up, Adrenaline Rush, Lipton жана Mirinda соода маркаларын башкарган «International Beverages Tashkent» компаниясындагы өз акцияларын сатат. Бул тууралуу Centralasian басылмасы жазды.

Анда мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча өзбек өкмөтүнө акциялардын 24 пайызы таандык, калган 76 пайызы Holten Group Corp компаниясына тиешелүү экендиги айтылат.

«International Beverages Tashkent» компаниясы 2011-жылы түзүлгөн.

Буга чейин өзбек өкмөтү Coca-Cola компаниясындагы өз үлүшүн дагы сата турганы кабарланган.

Маалыматтарга караганда, былтыр Өзбекстандын Каржы министрлиги Европалык реконструкция жана өнүгүү банкынын (ЕБРР) өкүлдөрү, The Coca-Cola Company (АКШ) жана Coca-Cola Beverage (Түркия) менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Стратегиялык өнөктөштөрдү тартуу маселеси чечилсе, ЕБРР келишимди тариздөөгө жардам берет.

Copyright © 2017 Maral FM