Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Балдарга карата зомбулук — коомдук көйгөй

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 776 | 0

“Өкмөт үчүн балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага тыюу салуу мамлекетик деңгээлде комплекстүү чечүүнү талап кылган актуалдуу жана курч көйгөйлөрдүн бири катары калууда”,-деди Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча тегерек стөлдо  сүйлөгөн сөзүндө.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, балдарга зомбулук көрсөтүү жана балдардын кылмыштуулугу — жалпы коомдук көйгөй. Ошондой эле ал коомдук уюмдарды жана мекемелерди тартуу менен мамлекеттик органдардын биргелешкен күч-аракети аркылуу чечилиши кажет.

Вице-премьер-министр ата-энелеринин кароосуз калган балдарды асырап алуучу үй-бүлө институту ишке киргизилип жатканын, 2014-2018-жылдарга дейре 177 асырап алуучу үй-бүлө окутулуп, асырап алуучу үй-бүлөнүн тейлөөсү менен 98 бала камсыздандырылганын кошумчалады.

Мындан сырткары вице-премьер-министр өз ара аракеттешүүнү уюштуруунун аксап жатканына, бул багыттарда ишмердикти координациялоо боюнча мамлекеттик органдарда так маалыматтардын жоктугуна өзгөчө басым жасады.

 

Copyright © 2017 Maral FM