Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасын кабыл алды

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 660 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда 2020-жылы Кыргызстанда өтө турган калкты жана турак-жай фондун каттоого даярдык маселеси, каттоо системасын өнүктүрүү милдеттери ошондой эле статистикалык маалыматтарды таркатуунун актуалдуулугу талкууланды.

Мамлекет башчысы калкты жана турак жай фондун каттоо — бул өлкөдө жашаган бардык калктын социалдык, демографиялык жана экономикалык белгилери боюнча расмий эсепке алууга мүмкүндүк берген маанилүү иш-чара экенин белгиледи.

Ошондой эле калкты жана турак-жай фондун каттоону заманбап технологияларды колдонуу менен өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары Жээнбеков калкты жана турак-жай фондун каттоо боюнча административдик аймактык чек араларды аныктоо, турак-жай карталарын жана эмгек классификаторун даярдалышына кызыкты.

Copyright © 2017 Maral FM