Биз менен байланышыңыз

Саматов: Көк бөрүнүн эрежеси эл аралык деп таанылган

Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 1235 | 0

Кыргызстандын «Көкбөрү» оюнунун эрежеси эл аралык болуп таанылган. Бул тууралуу Көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2001-жылы Көкбөрү Эл аралык федерациясы түзүлгөн. Буга төрт мамлекет курамына кирген. Бүгүнкү күндө болсо  курамында 16 мамлекет мүчө.

-Ташкентте «Көкбөрү» боюнча федерациясынын конгрессинде Орусиянын  8 субъектиси бизге мүчө болуп кирди. Ал эми Астанада болгон отурум боюнча ар кандай сөздөр айтылып жатат. Ал отурумда кандай чечим кабыл алынбасын «Көкбөрү» Кыргызстандын эрежеси менен өтөт деп эсептелет. Көкпар оюнунун эрежесин дүйнөлүк деп кабыл алышты. Муну дүйнө кандай кабыл алып, жарыяланышын убакыт көрсөтөт. Ал эми Көкбөрү оюнунун эрежесинин өзгөчөлүгү тайказан менен үч тайм болуп жатат. Айылда жаш балдар ачык жерде ойноп үйрөнүп жатат. Оюнду чыныгы профессионалдар тайказан менен ойнойт. Үчүнчү Көчмөндөр оюндарын дүйнөдө 1 млрд 300 миллиондон ашык адам телеканалдар аркылуу көрүптүр. Алардын 90 пайызы Көкбөрү оюнун көргөн. Демек Көкбөрү оюнунун эрежеси эл аралык болуп сакталып калат.  Биздин эреже менен АКШда дагы федерация ачылып, көкбөрүнү ойноп жүрүшөт. 

Жыргалбек Саматов кошумчалагандай, Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү Сауд Арабияга мелдешке кетип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM