Биз менен байланышыңыз

Казакстан көкпар оюнунун жаңы эрежелерин кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 1144 | 0

Астанада Дүйнөлүк «Көкпар» ассоциациясынын кеңеши өтүп, анда жаңы эрежелер кабыл алынды. Ага ылайык, тай казандын ордуна тегерек, ал эми улак анын жасалма үлгүсүнө алмаштырылат. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Он өлкөнүн федерация башчылары (анын ичинде Кыргызстандыкы) эл аралык мелдештерди өткөрүүнүн эрежелерин карамак. Анткени, буга чейин ал маселе так чечилген эмес.

Кеңештин жыйынтыгында «кооптуу» деп айтылган тай казандарды диаметри 3 метр тегеректерге алмаштыруу чечилген. Анын башкы себеби катары оюнда улакчылар менен алардын аргымактары тай казандарга урунуп, катуу жаракат алып жатканы айтылган.

Андан тышкары, оюн талаасынын узундугу 220 метр, ал эми туурасы 75 метр болору каралган. Ал эми муляждын салмагы 33-35 килограмм болот. Оюн эки бөлүктөн туруп, жыйырма мүнөттөн ойнолот. Ортосундагы тыныгуу 10 мүнөткө созулат. Ал эми ар бир командада 12 улакчыдан болот.

Учурда Өзбекстанда быйыл өтө турган дүйнө биринчилиги жаңы же эски эрежелер менен өтөрү белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM