Биз менен байланышыңыз

Тай казан талашы саясатка айланды

Саясат , Спорт | 1 Мар 2019 | 448 | 0

Соңку учурда көк бөрүнүн айланасында талаштуу жагдайлар көп орун алып келет. Өзбекстанда өтө турган Дүйнө биринчилигин тай казансыз өткөрүү чечими буга чейин кабыл алынган. Талаштуу тай казандын артында чоң саясат барбы?

Ушул жылдын 14-февралында Астанада Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын жыйыны өткөн. Анда  2019-жылы Өзбекстанда өтө турган Дүйнө биринчилигин тай казансыз өткөрүү чечими кабыл алынган. Мындай чечим кыргыз көк-бөрүчүлөрүнүн чоң нааразычылыгын пайда кылды.

Тай казансыз оюн кызыксыз экенин  «Достук» жана Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу, көк-бөрүчү Манас Ниязов да айтууда.

-Өзүмдүн оюмду айтсам, тай казан менен оюн кызыктуу. Эң негизги күч ушул нерсеге жумшалат. Тай казансыз оюн оңой болуп, кызыксыз да болуп калат. Казактар тай казан менен утуп алаарына көзү жетпей, тай казансыз жеңишке жетээрине ишенип жатышат.

Ал арада өлкөдө көкпардын эрежеси менен ойноого Канатбек Исаев макулдугун берген деген маалыматтар интернетке тарады. Анын негизинде депутат 1-мартта маалымат жыйын өткөрүп, кол коюлган документтин төркүнүн түшүндүрдү.

-Көк-бөрүнү ар бир мамлекет өзүнүн тилинде айтат. Ал нерсени эч ким мажбурлай албайт. Талаш чындыгында аталышта болгон. Казактар көкпар деп федерация түзөбүз дешкен. Бирок көк-бөрү болуп аталып калган. Эч кандай маселеси жок казактар тай казан менен эле ойноп келе жатат.

Ысык-көл облусунун “Көк-бөрү” федерациясынын вице-президенти Канат Хасанов көк-бөрүнүн айланасында чыккан маселеде казактарды түшүнбөй турат. Анткени боордош элдин көк- бөрүчүлөрү он сегиз жыл тай казан менен оюн көрсөтүп келишкен.  Буга кошумча 2002-жылы федерация уюшулуп, көк-бөрү оюну тай казан менен гана ойнойт деген эреже кабыл алынганын эске салды.

-Казак бир туугандарыбыз он сегиз жыл биз менен чогуу эле тай казанда ойногон. Кайсы себептерден 2013-жылы булардын оюу өзгөрүлдү биле албай турам. Коопсуздук үчүн деп айтып жатышат. Бир жагынан туура боло турган болсо, негизгиси оюндун көркү ушунда болуп жатпайбы? 2002-жылы көк-бөрү федерациясы уюшулуп, бир гана эреже тай казан көрсөтүлгөн.

Орун алган чуулгандуу жагдайлардан улам көк-бөрү федерациясынын экс-президенти Жыргалбек Саматов федерация башчылыгынан кеткен. Мындай чечим бир гана көк-бөрүнүн ички тартибинен эмес, шайлоого байланышкан саясат аралашканын Маралга ачыктады.

-Кыргыз көк-бөрүчүлөрү каалаган ат үстүндөгү оюндардан жеңүүчү болот. Бул нерсеге эч ким жок  дебейт. Бул жерде ал маселе турган жок. Оюнда ким күчтүү, ким таасирдүү жана кимге таандык кылабыз? деген саясат кетип жатат менин оюмча. Менин кетишиме ушундай кадамдар түрткү болду. Балким эртеңки шайлоого карата таасири болду.

Эске салсак, 2014-жылы Казакстан Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясын түзүп, көк-бөрүнү көкпар атап, өздөрүнө таандык кылып кошуп койгон.

Бул оюн кыргыз менен казак элинин ортосунда кызуу ойнолуп келет.

Copyright © 2017 Maral FM