Биз менен байланышыңыз

Аманкулов: Көк бөрү оюнунун эрежесин эч ким буза албайт

Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 1588 | 0

«Көкбөрү» оюну кандай эреже менен бекитилсе, ошол эреже менен ойнотулат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстанда үч жолу Көчмөндөр оюндары өткөн. Алдыда дагы төртүнчү Көчмөндөр оюндарына кыргыздын улуттук спортторунун түрлөрү кирет.

-Жакынкы күндөрү иш сапары менен Түркияга көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча келишимдерди түзүүгө барамын. Келишимде улуттук спорттор Кыргызстандын эрежеси менен өтөт деген талапты киргизүү негизги максат болот. Анын ичинде Көкбөрү оюну да бар. Бизде жылда Көкбөрү боюнча үч чоң мелдеш өтөт. Алар Ноорузда, Май айында жана 31-августта болот. Анын баары биздин эреже менен өтүп келет. Казакстанда Көкпар федерациясы дүйнөлүк биринчиликти өткөргөн. Ага дагы биздин курама команда катышкан. Казакстанда өткөн жыйынга биздин федерациянын жетекчисин бир күн калганда чакырышты. Бирок Көкбөрү федерациясынын жетекчиси катышуудан баш тарткан. Анткени алдын ала Көкпар боюнча биринчиликти өткөрүү чечимин кабыл алып коюшкан. Казактардын Көкпар биринчилигин өткөргөнгө каршы эмесбиз. Ал эми биз өз позициябызда турабыз.

Аманкулов кошумчалагандай, былтыр «Көкбөрү» оюну толук кандуу эрежеси менен Кыргыстандын атынан ЮНЕСКОго киргизилген. Аны эч кандай эл аралык федерация, топтор дагы буза албайт. Ошондуктан эч кандай коркунуч болбойт.

Эске салсак, 14-февралда Казакстанда көкпар ассоциациясынын жыйыны өтүп, катышуучу өлкөлөр бир добуш менен тайказандан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алышты. Жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Орусия, Ооганстан болуп тогуз өлкө катышты.  Жыйынтыгында сегиз өлкө эл аралык турнирлер мындан ары Казакстандын көкпар эрежелери боюнча ойноо чечимин кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM