Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигин өткөрөт

Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 999 | 0

Жакынкы жылдары Кыргызстанда көкбөрү боюнча Дүйнө жана Азия биринчилигин өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Улуттук спортту өнүктүрүү программасын даярдалып жатат. Ал программа кабыл алынганда, агенттик дагы быйыл болбосо, эмдиги жылы Дүйнө биринчилигин жана Азия чемпионатын Кыргызстанда өткөрүүнү сүйлөшүп, даярданып жатат. Бул турнирлер Ысык-Көлдө өтөт. Бардык шарттар жана мүмкүнчүлүк  бар. Катыша турган  командалар дагы бар.

-Астанада кабыл алынган чечим кыргыз көкбөрүсүнө балта чапты же таасири тийди деген пикирден алыспыз.

Аманкуловдун айтымында, Ташкентте өтөт турган Дүйнө биринчилик өтөт деп айтылып атат, бирок ал жерде көк бөрү деген сөз жок, көкпар айтылып атат.

«Көкпар боюнча Астанада чемпионат өткөн. Биз сүйлөшүп, биздин балдар барып, көкпар ойноп келишкен. Кыргызстанда өткөргөндө кө бөрү деп өткөзөбүз. Ошол турнирлерге алар келип, көкбөрүнүн эрежелери менен ойногон. Мен ойлойм, алардын чечими биздин көк бөрүгө кандайдыр бир таасири тийбейт. Аларда көкпар болсо, көкпар боло берсин. Биз өзүбүздүн көкбөрүбүздү өнүктүрө беребиз«, — деди Канат Аманкулов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM