Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү кызматтан мыйзамсыз алынганы үчүн аталган ведомствону сотко берди. Бул тууралуу адвокат Майрамбек Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, аталган кызмат 44 кадрды кызматтан негизсиз четтеткен. Алардын ичинен 16 офицер мекемени сотко берди. Алардын баарынын наамы жана эмгек стажы бар.
-Арызды Коопсуздук кеңешине жаздык. Ошондой эле Биринчи Май райондук сотуна кайрылдык. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын нөөмөт бөлүмүндө олтургандарга кызматтан четтетилгендерди имаратка киргизбөө буйругу берилгенин айткан.
Ал эми аталган мамлекеттик кызматы болсо адвокат чындыкка дал келбеген маалыматты берүүдө деди.