Биз менен байланышыңыз

Үч министрге сөгүш берилди

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 1121 | 1

Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева, экономика министри Олег Панкратов жана Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге сөгүш жарыяланды.

Мындай чечим бүгүн 15-февралда өкмөт жыйынында кабыл алынды. Гульмира Кудайбердиева менен орун басары Надира Жусупбекова мектептердеги интернет жана окуу китептеринин сапатсыздыгы боюнча жаза алышты. Ал эми Космосбек Чолпонбаев жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Марат Калиевге “жеткиликтүү дары-дармек” программасынын алкагындагы электрондук дары тизмелеринин жетишсиздиги үчүн сөгүш берилди. Экономика министри Олег Панкратовго мамлекеттик резервдеги так эмес жана инвестиция закондорун коргоодогу сапатсыз жумушу үчүн айып тагылды.

Инвесторлорду тартуу директору Адылбек уулу Шумкарбек аталган багыттагы төмөн көрсөткүч боюнча жазаланды. Андан сырткары Маданият, маалымат жана туризм министринин маалымат катчысы Бактыбек Секимов, Мамлекеттик архитектура, курулуш жана коммуналдык турак-жай агенствосунун жетекчиси Бакыт Абдиевге да сөгүш жарыяланды. Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Болотбек Ибраимжанов менен Экологиялык инспекция жана техникалык коопсуздук директору Жолдошбек Жунушовго да так эмес жумушу үчүн айып угузулду.

Copyright © 2017 Maral FM