Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: 2018-жылы өлкө боюнча жалпысынан 99 кырсык катталды

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 493 | 0

2018-жылы өлкө боюнча жалпысынан 99 кырсык катталып, натыйжасында 1 млрд сом материалдык зыян келтирилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиялык жыйынында маалымдашты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аталган жыйынга катышып, 2017-жылга салыштырмалуу кырсыктардын жана курмандыктардын саны кескин кыкаргандыгына карабастан, материалдык жоготуулардын суммасы 15%га өскөндүгүн айтты.

Ошондой эле Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин иш-чараларга жана тапшырмаларга ыкчам жооп кайтаруусун талап кылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM