Биз менен байланышыңыз

Исаковдун соту 18-февралда болот

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 626 | 0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун соту 18-февралда башталат. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, сот саат 16:00дө башталат. Алдын ала уктуруу жабык түрүндө өтөт. Сапар Исаковго карата козголгон кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилген.  

Эске салсак, Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБине байланыштуу «коррупция» беренеси боюнча айып тагылган. Ал 5-июнда камакка алынган.

 

Copyright © 2017 Maral FM