Биз менен байланышыңыз

Президенттике талапкерлерге кошумча талаптар сунушталууда

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 670 | 0

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети президентке жана депутатка талапкерлерге карата кошумча талаптарды киргизүүгө багытталган конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечи – депутат Кенжебек Бокоев болуп эсептелет.

Демилгечи мыйзам долбоору аркылуу президенттик жана депутаттык кызмат орундарына талапкер болгон адамдарга кошумча талаптар киргизүү сунушталып жатканын айтты. «Долбоорго ылайык, соттуулугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан, оор кылмыш же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар, ошондой эле жогорку билими жок жарандар президенттикке жана депутаттыкка талапкер боло албайт», — деп, ал ушундай эле талаптар шаарлардын мэрлери менен айыл өкмөтүнүн башчыларына да коюлуп жатканын кошумчалады.

Бокоев кошумчалагандай, шайлоочулар менен жолугушканда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жогорку билими жөнүндө маселе такай көтөрүлүп келет.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев Президенттин аппараты менен Башкы прокуратура мыйзам долбоорун кыйыр болсо дагы колдобой койгонун эске салып, ага вето коюлуп калышы мүмкүн экенин эскертти

Copyright © 2017 Maral FM