Биз менен байланышыңыз

Караколдо туризмди өнүктүрүү боюнча коомдук угуу өттү

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 654 | 0

Каракол шаарында  туризмди өнүктүрүү боюнча коомдук угуу өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Эл өкүлдөрү Караколдогу лыжа базасынын учурдагы абалы менен таанышып чыгышты. Аталган базага бир нече юридикалык жактар ээлик кылат. Иштеп баштаганына 10 жылга чамалап калган бул лыжа базасы улам барган сайын эскирип, жаңыланууну талап кыла баштаган. Эс алуучуларды тоонун башына ташып чыга турган илме жолдор заман шартына жооп бербей калган. Сервистик тейлөөнүн сапаттык деңгээли Орусия, Европадагы лыжа базаларынан кыйла артта калган.

Коомдук угуунун жүрүшүндө туризм тармагындагы кызмат көрсөтүүнүн сапаттык деңгээлин жогорулатууга көңүл бурулду.  Депутат Максат Сабировдун пикрине караганда, өкмөт биринчи кезекте, жол, чек ара, каттоодон өткөзүү, экопосттордун иштөө шарттарын өзгөртүү өңдүү иштерди ыкчам жасоосу шарт.

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, коррупциядан, бюрократиядан, криминалдык элементтерден коргоо жаатындагы аракеттерди күчөтүү керектигин ортого салды.

Жыйындын жүрүшүндө туризмдин экотуризм, экстремалдык туризм, окуялуу туризм, этнотуризм өңдүү багыттарына да көңүл буруу учур талабы экени айтылды. Коомдук угууга катышкан туристтик компаниялардын өкүлдөрү ишке кедерги болуп жаткан маселелерди айтып, бул боюнча чара көрүү жагын жергиликтүү бийликтен жана депутаттардан өтүнүч кылышты.

Copyright © 2017 Maral FM