Биз менен байланышыңыз

Каракол шаарындагы «Тазалыктын» кызматкерлери митингге чыгышты

Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 543 | 0

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу тиешелүү булактар билдирди.

Кызматкерлер «Тазалык» ишканасынын буга чейинки башчысы Алмаз Абдыкеевдин кызматынан бошотулганына нааразычылык билдиришүүдө. Алардын айтымында, Абдыкеев бул тармакта 8 жыл иштеп, акыркы 3 жылдан бери жетекчилик кызматты аркалап келген. Бир топ тажрыйбасы бар, дасыккан жетекчи.

«Алмаз Абдыкеев тутумду жакшы түшүнөт. Анын жетекчилигинин астында бир топ иштер жүргүзүлдү. Темирлан деген дагы бир жетекчини дайындагысы келип жатышканын билдик. Ал бул жаатта иштеген эмес. Алар Алмаз Абдыкеев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын билдиришти. Биз аны кайтарып берүүнү же анын ордуна башкы инженер Адилет Эрназаровду дайындоону талап кылабыз. Болбосо, иш таштоого чыгабыз», — дешүүдө кызматкерлер.

Чогулгандардын талабын Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Эрмат Жумаев угуп, мыйзам чегинде чечип берүүгө убадасын берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM