Биз менен байланышыңыз

Мигранттардын өмүрүн камсыздандырууга 8 миң кол топтолду

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Фев 2019 | 1027 | 0

Өлкөдөн чыгып жаткан кыргызстандыктардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин киргизүү сунушу өткөн жылы эле колдоого алынган. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы мекендештер форумунда Орусиядан келген Толкунбай Акматов деген жаран камсыздандыруу полиси керек деп биринчилерден болуп көтөрүп чыккан. Ошол убакта сыртта эмгек мигранты болуп иштеп жүргөн жигиттер президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, баарлашкан.

-Президент мигранттар менен сүйлөшүүдө камсыздандыруу полисин киргизүүнү колдоого алган. Андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков да колдоду. Ошондой эле Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттин депутаттары да сунушка макул болгон. Айтор, көп тарап колдоого алды. Өкмөт дагы сунушка кошулуп, миграция кызматы нормаларын иштеп чыккан. Бирок сунуштун Баш мыйзамга карама-каршы келген жерлери бар болчу. Ошого байланыштуу сунуш токтоп калган. Учурда “Жүк 200” маселесин жөнгө салуу максатында ар бир кыргызстандык мигранттын өмүрүн камсыздандырууну кабыл алуу үчүн кол топтоо жүрүп жатат. Топтолгон колдун саны 8 миңден ашты.

Жеңиш Молдокматов кошумчалагандай, Түштүк Корея, Италия, АКШ, Түркия, Орусия жана башка өлкөлөрдө жүргөн мекендештерден демилгени колдойбуз деген видео кайрылуулар келип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM