Биз менен байланышыңыз

Кулматовдун иши сотко өттү

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 573 | 0

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун иши сотко өттү. Биринчи соттук отурум 14-февралда болот. Бул тууралуу КСДП фракциясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, мурунку шаар башчысынын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу даттанат.

Буга негиз катары «Кубанычбек Кулматовду камакка алууга соттун жана тергөөнүн объективдүү себеби жок», — деп билдирет.

Кошумчалай кетсек, Кулматовго өткөн жылдын 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM