Биз менен байланышыңыз

Нышанов: Өкмөт башчылардын эң тыңы — Абылгазиев

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2019 | 1442 | 0

Кыргызстанда өкмөт башчылардын эң тыңы Мухаммедкалый Абылгазиев болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Нышанов ондон ашык премьер-министрлер менен иштеген. Ошолордун ичинен Мухаммедкалый Абылгазиев эң тыңы болду. Кыргызстандын бюджетин кабыл алганда аны коргогону мурунку өкмөт башчылардын көбү келген эмес. Азыркы премьер-министр келип, өлкөдө ишканаларды ачышыбыз керек деди. Бул дагы керектүү нерсе.

-Бюджетти талкуулаган жыйында депутаттар көп маселелерди айтышты. Маселен, мектеп, бала бакча, жол жана башка орчундуу көйгөйлөр. Мунун баарын угуп олтурду. Бул көйгөйлөрдү өзү укканы ал маселени чечүүсүнө жакшы болот. Кээ бирлер бюджетти коргогондо докладды окуп эле коет. Азыр өкмөт отставкага кетет дегенди сырттан угуп жатабыз. Макул Абылгазиевди кетирели. Кимди алып келебиз? Алты миллион калкыбыз бар болсо, 3 миллиону чоң болсо, 2 жарым миллиону өкмөт башчы мен боломун деп эле турат. Маселе анда эмес да. Биз дагы  келе турган кишинин тажрыйбасына карап, маселени чече турганы келсе дейбиз. Өнүгүү үчүн биринчиден туруктуулук керек. 

Белгилей кетсек, өткөн аптада парламенттин жалпы жыйынында парламентте өкмөттүн ишине баа берүү маселеси көтөрүлгөн.  Көпчүлүк депутаттар тараптан министрлер кабинетине сын айтылды. Эл өкүлдөрү парламенттин бир дагы жыйыны өкмөт башчыга карата нааразычылык айтылбай өткөн күнү жок болуп жатканын белгилешкен.

Эскерте кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде ишке киришкен.

Copyright © 2017 Maral FM