Биз менен байланышыңыз

Нышанов: Айрым министрлерди алмаштыруу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2019 | 1146 | 0

Өкмөттүн курамындагы айрым министрлерди алмаштыруу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коомчулук тарабынан сын көп айтылган министрликтин жетекчилерин алмаштыруу керек. Анткени эч бир министр реформаны жасай албай жатат. Ага чоң көлөмдөгү каражат зарыл.

-Министрлер кылган ишинин жоопкерчилигин алуусу керек. Коалициялык курама өкмөт болгондо премьер-министрдин да колу байланган болот экен. Себеби бир эле фракциянын кадрын жумуштан алып, экинчисин да алам десе сөзсүз ошол фракция менен жең ичинен пикир келишпестиктер чыгышы мүмкүн. Ушундай жагдайлардан улам өкмөт башчы өзү каалаган кадамдарга бара албай калат. Ошондуктан Жогорку Кеңешке эки эле партия келүү керек. Утуп алган партия баарын мойнуна алып, маселени чечүүсү керек экен. Эртең «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирип жатат. Бирок биз 5 жылга кечигип калдык. Бул боюнча азыркы өкмөт башчыга да бир топ сындар айтылууда. Бирок эки айдан кийин тартипке келип калат.

Ошону менен бирге депутат иши чабал министрлердин атын атай алган жок. Ал эми жакшы иштеген министр деп Каржы министри Бактыгул Жээнбаеваны атады.

Copyright © 2017 Maral FM