Биз менен байланышыңыз

Белгилүү балерина Асымкул Баетова дүйнө салды

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 655 | 0

Кыргыз ССРинин белгилүү балеринасы, эмгек сиңирген артисти Асымкул Баетова дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маркумдун жаназасы эртең, 12-февраль күнү Чоң-Таш айылында өтөт.

Асымкул Баетова 1942-жылы 26-августа Фрунзе шаарында төрөлгөн. А. Ваганова атындагы Ленинград мамлекеттик академиялык хореография окуу жайын аяктаган. 1959-жылы Кыргыз опера жана балет театрынын алдыңкы солисти болуп, бардык башкы ролдорду аткарган. Баетова 1982-жылга чейин ошол театрда эмгектенип, кийин эмгек өргүүгө кеткен.

Белгилүү балерина “Ак куулар көлү”, “Жизель”, “Корсар”, “Ромео жана Жульетта”, “Лауренсия”, “Франческа да Римини”, “Бахчисарайлык фонтан”, “Шопениана”, “Дон Кихот”, “Спартак”, “Баядерка” жана улуттук “Анар”, “Куйручук”, “Асел” жана башка балеттерде башкы ролдорду жараткан.

«Марал» радиосу белгилүү балеринанын үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM