Биз менен байланышыңыз

Элмирбек Иманалиевдин качан жерге берилери айтылды

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 3454 | 0

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу акындын күйөө баласы Мирзат Муканов Facebook баракчасына жазды.

— Атамдын сөөгү эртең саат 11де Туңгуч кичи районунан чыгарылат. Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Бирок бул чакыруу эмес. «Аз киши болсун» деп жатышат. Туура түшүнөбүз, — деп жазган ал.


Жеңишбек Жумакадырдын Иманалиевге арнаган жоктоосу (текст)


Акын Элмирбек Иманалиев 20-апрелде, 42 жашында дүйнө салды. Анын артында 3 кызы, 2 уулу жана 2 небереси калды.


Акын Элмирбек Иманалиевдин өмүр баяны, чыгармачылыгы, жетишкендиктери…

Copyright © 2017 Maral FM