Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт

Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 1501 | 0

Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, жазма акын, обончу, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата бүгүн, 17-январда маркумдун шакирттери эскерүү кечесин өткөрөт. Чоң программадагы концерттик иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат. Бул тууралуу Элмирбек Иманалиевдин шакирти, «Айтыш» коомдук фондунун төрөгасы Асылбек Маратов «Марал» радиосуна билдирди.

«Устатыбыз өзү түптөп кеткен «Төкмө келсе төр бошот» долбоорундагы шакирттери биригип, агайыбыздын туулган күнүнө карата эскерүү кылганы жатабыз. Концертке белгилүү ырчылар, акындар жана жакындары катышат. Байге коюлбайт, болгону агайдын ырлары ырдалып, көркөм окулат. Ал эми төкмө акындар Элмирбек Иманалиевди эскерип ырдайбыз», — деди Асылбек Маратов.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, ак таңдай төкмө акын, жазма акын, обончу, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Төрт жашынан тамга таанып, 7 жашынан комуз кармап ырдай баштаган. 13 жашында устаты Тууганбай Абдиевдин чакыруусу менен Бишкек шаарына келип, адегенде филармониянын алдындагы эки жылдык студияны, кийинчерээк Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган. Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгесин алган. Бүтүндөй Борбор Азияга аты белгилүү төкмө акын болгон. Мындан тышкары мыкты обончу, дастанчы, манасчы, актер, жазма акын катары да калың журтка таанымал. 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында дүйнөдөн кайткан.

Жакында эле Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүүсүндө жазып жүргөн ырлары «Аманат» аттуу поэтикалык жыйнакка, элге берип жүргөн баталары «Ак таңдагы ак бата» аттуу чакан китепке топтоштурулуп, үй-бүлөсүнүн каржылоосунда басмадан жарык көрдү.

Copyright © 2017 Maral FM