Биз менен байланышыңыз

Элмирбек Иманалиевдин эмгектери кылымдар бою өчпөйт

17-январь — КР эл артисти, төкмө жана жазма акын, обончу, дастанчы, манасчы, маркум Элмирбек Иманалиевдин туулган күнү. Аталган күнгө карата «Төкмө келсе төр бошот» долбоорундагы шакирттери Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында эскерүү концертин өткөрүштү.

Концертте акындын Асылбек Маратов, Болот Назаров, Акматбек Султан уулу, Изат Айдаркулова баштаган шакирттери устатын эскерип, ырдап беришти. Мындан сырткары акындын ырлары көркөм окулуп, «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз эскерүү сөзүн сүйлөп, Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев, Улан Качкыналиев, Аскат Мусабеков баштаган белгилүү ырчылар обондорун аткарышты.

Биздин чыгармачыл жамаат кечеге келген айрым белгилүүлөрдүн маркум Элмирбек Иманалиевди эскерген сөздөрүн тыңдадык.

Улан Качкыналиев, ырчы-аткаруучу 

— Кырчындай кезде кыйылган өмүргө кыянат кылган шум ажалга не дейбиз. Ошентсе да Элмирбек көзү тирүүсүндө жаш болсо да, чоң нерселерди жаратып кетти. Анын жасаганы кылым карытат. Элмирбектин дагы ырдалбай калган жакшы чыгармалары бар. Кудай буюрса, алдыдагы күндөрдө сиздерге тартуулайбыз.

Саламат Садыкова, КР эл артисти, ырчы-аткаруучу

— Канча өмүр сүрөбүз, канча суу ичебиз, улуу Жараткан өзү билет. Элмиртай менен мен 1990-жылдын башында, Алматыга бара жатканда таанышканбыз. Ошондо бешенесинен кут төгүлүп, көп сүйлөбөй, бирок, өзүнүн чыгармачылыгын акырын тааныштырып, Алматыга жеткенче аңгеме куруп барганбыз. Азыр  ошол залкарыбызды жоктоп жатабыз. Элмирбек менен бир сапарга барып, улуу өнөрдүн ордосунда экөөбүз бирге ырдадык. «Булбулум» деген ырын биринчи мен ырдап чыктым эле, ошол бойдон калып калды. Мени Элмирбек сыртымдан карап, «залкарыбыз» деп койчу эле. Айланайын, ушу асылдын асылдыгын билген алтын шакирттери, достору, канатташтары, сөз баккан бекзаадаларым, аман болгула! «Акын өлсө чындык өлдү» деп айтат экен.  Даанышман эл, чындыгыбыз өлбөсүн, акыйкатыбыз ар дайым бизди ээрчип жүрсүн!

Токтобек Асаналиев, КР эмгек сиңирген артисти, ырчы-аткаруучу 

— Чачын тегиз ак баспай, арабыздан өтүп кеткени өкүндүрөт (ыйлап). Баарыбыз дүйнөгө түркүк боло албайт экенбиз. Бир кезде ашыктык ырларын ырдап, тартуулап жүрсөк, эми минтип тилекке каршы, өзүн жоктоп ырдап жатабыз.

Замандын залкары, эл уулу Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында оорудан улам көз жумган. Көзү тирүү болгондо 17-январда 43 жашка толмок.

Copyright © 2017 Maral FM